Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балбан Акжол Махмудов Олимпиаданын чейрек финалында жеңилүү ызасын тартты

Эгер казак балбаны финалга чыга турган болсо Акжол Махмудов көңүл жубатарлык беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алат

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын чейрек финалында жеңилүү ызасын тартты.

Акжол Махмудов чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев менен күч сынашып, 3:1 эсебинде утулуп калды.

Акжол Махмудов бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында мелдештерин баштаган. Ал 77 кг салмак ченинде 1/8 финалда алгачкы беттешин өткөргөн.

Анда америкалык Камал Амир Бэй менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңишти камсыздаган.

Белгилей кетсек, эгер казак балбаны финалга чыга турган болсо Акжол Махмудов көңүл жубатарлык беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх