Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Олимпиада-2024: Бүгүн балбандар Исмаилов, Махмудов жана Жусупбеков килемге чыгат

Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат

Бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын үч балбаны - Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков килемге чыгат.

Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште коло медалга күрөшүү мүмкүнчүлүгү үчүн күрөшөт.

Амантур Исмаилов болсо, турнирде алгачкы беттештерин өткөрөт.

Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

7-августтун жүгүрмөсү:

77 килограмм салмак ченинде
Акжол Махмудов – Алексис Муньоз (Колумбия);

97 килограмм салмак ченинде
Үзүр Жусупбеков – Жозефь Патрик Рау (АКШ);

15:30 – 67 килограмм салмак ченинде, 1/8 финал
Амантур Исмаилов - Рамаз Зоидзе (Грузия).

Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган болчу.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиададан эки медалы бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх