Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азаматсың! Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен кез келип, жеңишти жулуп кетти

Париждеги жайкы ХХХIII Олимпиада оюндарында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу атаандашын жеңип, финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчу жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен кез келип, жеңишти жулуп кетти.

Буга чейин Мунарбек Сейитбек уулу 1/8 финалда кубалык Сайдель Иван Орта Родригес менен беттеш өткөрүп, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңишти камсыздаган. Ал эми чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харвини уткан.

Алтын медаль үчүн мелдештер 11-августка караган түнү орун алат. Анда Мунарбек Сейитбек уулу Азиянын, дүйнөнүн жана Азия оюндарынын учурдагы чемпиону өзбекстандык Абдумалик Холоков менен беттешет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх