Хабиб Нурмагомедовдун үйү, кымбат машинелери камакка алынды
Буга чейин Россия Федерациясынын Федералдык салык кызматы экс-чемпиондун эсептерин камакка алган
Мурдагы UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун 79 миллион рублга (922 миң доллар) мүлкү сот аткаруучулар тарабынан камакка алынды, деп маалымдайт Mash агенттиги.
Тизмеге Дагестандагы үй-бүлөлүк үй жана премиум класстагы автоунаалар, анын ичинде Ferrari California T, Mercedes-Benz AMG GT S жана башкалар кирет.
Буга чейин Россия Федерациясынын Федералдык салык кызматы экс-чемпиондун эсептерин камакка алган.
“Хабиб Нурмагомедовдун карызынын негизи салыктарды, айыптарды жана туумдарды төлөбөгөнү болгон”, – деп билдирди Федералдык салык кызматы.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз