Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирактык түркмөндөр ДЕАШтын Мосулдагы “кыргын чуңкурунан” туугандарынын сөөктөрүнүн чыгарылышын күтүп жатышат.

Өлтүрүлгөндөрдүн дээрлик бардыгы Тал Афардан келген түркмөндөр болгон деп болжолдонууда

Ирактын Мосул шаарынын Тал Афар районуна жакын жердеги массалык көрүстөндө 2014-2017-жылдар аралыгында аймакты ДЕАШ (Ирак-Шам Ислам мамлекети) террордук уюму көзөмөлдөп турган кезде өлтүрүлгөн адамдардын сөөктөрдүн казуу иштери башталды. Өлтүрүлгөндөрдүн дээрлик бардыгы Тал Афардан келген түркмөндөр болгон деп болжолдонууда.

Бир нече жыл бою дайынсыз жоголгон жакындарынан кабар ала албаган миңдеген ирактык түркмөндөр ДЕАШтын «кыргын чуңкурунан» туугандарынын сөөктөрүнүн чыгарылышын күтүп жатышат.

Түркмөнели Кызматташтык жана Маданият Фондунун президенти Турхан Кетене ААнын (Анадолу агенттиги) кабарчысына берген маалыматында ДЕАШ террордук уюму тарабынан массалык көрүстөнгө айландырылган бул терең чуңкурда 1000ден ашуун Тал Афар түркмөнүнүн сөөгүнүн бар экенин айтты.

Кетене ДЕАШ террордук уюму аймакты көзөмөлгө алган 2014-2017-жылдар аралыгында Тал Афардан миңдеген түркмөндү барымтага алганын жана алардын тагдыры тууралуу маалымат жок экенин белгиледи.
-Көрүстөндө аялдардын жана балдардын сөөктөрү да бар.

Телафер районунун акими Халил Мухсин, бейөкмөт уюмдардан алган маалымат жана документтерге таянып чуңкурда 1500дөн ашуун кишинин сөөгү бар экени болжолдонгонун билдирди.
Мухсин чуңкурдагы сөөктөрдү чыгаруу иштери бир жарым айга жакын убакыттан бери уланып жатканын белгиледи

Мухсин Тал Афарда чуңкурдан башка дагы көптөгөн массалык мүрзөлөр бар экенин, бирок алар дагы эле ачыла электигин айтты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх