Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык ѳнѳр чеберлери Самаркандда музыка фестивалына катышууда

Бул сынакка дүйнөнүн 80ге жакын өлкөсүнөн 400дөн ашуун искусство чеберлери катышууда

Кыргызстандан "Манас" улуттук театрынын өкүлдөрү Самарканд шаарында өтүп жаткан "Шарк таронлары" ("Чыгыш обондору") эл аралык музыка фестивалынын сынагына катышты.

Ал эми ар улуттун салттуу музыкасы номинациясында артисттер Азиз Биймырза уулу жана Бакыт Акматов аткарган чакан программадагы "Манас" эпосунан үзүндүлѳр, комузда кол ойнотуп чертилген кыргыздын улуттук күүлөрү кѳрѳрмандардын купулуна толуп, майрамдык маанай жаратты.

Кыргыз артисттеринин аткаруулары кѳрѳрмандар тарабынан алкыштар жана кол чабуулар менен коштолду.

Эскерте кетсек, бул сынакка дүйнөнүн 80ге жакын өлкөсүнөн 400дөн ашуун искусство чеберлери катышууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх