Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кувейтте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленди

Кыргыз диаспорасына майрамдык программа тартууланып, укуктук жактан консулдук кеңештер берилди

Кувейтте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз диаспорасына майрамдык программа тартууланып, укуктук жактан консулдук кеңештер берилди.

Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Нурлан Токобаев өз сөзүндө Кыргызстандын акыркы жылдардагы жетишкендиктери тууралуу айтып берип, өлкөнүн өнүгүү багытында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөө үчүн 100 ишкана жана социалдык объектилер ишке киргизилгенин баса белгиледи.

Андан сырткары, 2024-жылы Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык карым-катнаштын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата элчиликтин алдындагы иш-пландары менен бөлүшүп, Кувейтте кыргыз маданият күндөрү өтөрүн жана анын алкагында кыргыз кинолору көрсөтүлөрүн билдирди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх