Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

Кыргызстандын курамасынын 180 спортчусу оюндун 18 түрү боюнча таймашат

Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болууда.

"Астана арена" спорт комплексиндеги салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Элдик Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башкалар катышууда.

Мелдештерде 89 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчулар күч сынашат: Армения, Австралия, Бангладеш, Барбадос, Беларусь, Кытай, Франция, Россия, Венгрия, Япония жана башка өлкөлөр.

Кыргызстандын курамасынын 180 спортчусу оюндун 18 түрү боюнча таймашат.

Оюндарда спорттун 21 түрү боюнча 97 медаль топтому, жалпысынан 581 медаль ойнотулат.

Мелдештерди өткөрүүгө 560 ат тартылат. Алар "Аргымак" жана "Казанат" комплекстерине жайгаштырылды. Ошондой эле оюндардагы салттуу аңчылыкка 45 канаттуу катышат, анын ичинде Монголиянын жана Кыргызстандын бүркүттөрү да бар.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх