Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Вьетнамдын президентине тайфундун кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Вьетнамда “Яги” тайфун апаатынан көптөгөн адамдар каза болуп, жаракат алган

Президент Садыр Жапаров Вьетнам Социалисттик Республикасынын президенти То Ламга “Яги” тайфунунун кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Вьетнамда “Яги” тайфун апаатынан көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат телеграммада.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх