Чикаго шаарынын борборунда Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү күндөрдүн бири белгиленди
Бул күн мекенге болгон сыймык жана биримдиктин белгиси
7-октябрда Чикаго шаарынын борборунда Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү күндөрдүн бири белгиленди — Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдык мааракеси.
Бул тарыхый датага карата Кыргыз Республикасынын желеги көтөрүлүп, расмий маданий иш-чара өткөрүлдү. Кечеге мекендештерибиз, Чикаго шаарынын тургундары, ошондой эле Чикаго мэриясынын өкүлдөрү жана башка мамлекеттердин расмий өкүлдөрү катышып, биз менен бирге бул өзгөчө учурду бөлүшүштү. ?
Бул күн мекенге болгон сыймык жана биримдиктин белгиси болуп, дүйнөнүн кайсы жеринде болсок да, бир үй-бүлө экенибизди дагы бир жолу далилдеди. ?
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз