Кыргызстандын кикбоксинг боюнча курамасы Азия чемпионатында 3 медаль жеңди
Анын ичинен бирөө алтын жана экөө коло медаль
Аброр Хакимов 71 кг чейинки салмакта лоу-кик версиясы боюнча өз салмагында Азия чемпиону болду. Ал эми
Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Камбоджа мамлекетинде өткөн Азия чемпионатында 3 медаль жеңишти.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө алтын жана экөө коло медаль.
Аброр Хакимов 71 кг чейинки салмакта лоу-кик версиясы боюнча өз салмагында Азия чемпиону болду. Ал эми Адилет Улан уулу (60 кг лоу-кик версиясы) жана Азамат Кудайбердиев (75 кг К1 версиясы) коло медалга ээ болушту.
Курама команда улук машыктыруучу Куан Абдыраимовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.