Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖМКлар ФЕТОнун лидери Фетхуллах Гюлендин каза болгондугун кабарлоодо

АКШнын Пенсильвания штатында жашаган уюмдун 83 жаштагы лидери ооруканада көз жумган

Түркияда 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү жасоону уюштурууга күнөөлөнгөн үгүттөөчү, ФЕТОнун лидери Фетхуллах Гюлен каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Hürriyet гезитине таянуу менен жазды.

Маалыматта айтылгандай, АКШнын Пенсильвания штатында жашаган уюмдун 83 жаштагы лидери ооруканада көз жумган.

Түркиянын бийлиги Гюлендин FETО (фетхуллахисттердин террористтик уюму) деп аталган уюмун 2016-жылдын июлундагы төңкөрүш кылуу аракетине тиешеси бар деп айыптап келет.

Козголоңдон кийин Түркияда 80 миңден ашык адам кармалып, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер, анын ичинде аскер кызматкерлери жумушунан бошотулган.

Ал эми АКШдагы Гюлен төңкөрүш кылуу аракеттерди сынга алып, өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.н.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх