Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Жаңы ракета". Владимир Зеленский Днепрге жасалган соккудан кийин чукул билдирүү жасады

Орусиянын президенти Владимир Путин "Орешник" аттуу ракеталык системаны колдонгонун айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Тelegram каналында видео кайрылуу жасап, анда Украинага каршы жаңы континенттер аралык баллистикалык ракета колдонулганын билдирди.

"Путин бул жылы согуштун күчөшүнө жана кеңейишине экинчи кадам таштаганын моюнуна алды. Ал жаңы баллистикалык ракетаны колдонду. Путин Украинанын эң чоң шаарларынын бири болгон биздин Днепрге сокку урду. Бул согуштун масштабынын жана ырайымсыздыгынын ачык жана олуттуу өсүшү, ошондой эле Орусиянын БУУнун Уставын жек көрүүчүлүк менен бузуусу", - деди ал.

Ошондой эле ал Днепрге учурулган ракеталар буга чейин колдонулбаганын кошумчалаган.

"Жаңы орус ракетасы учурулду. Учурда экспертиза жүрүп жатат", - деп кошумчалаган ал.

21-ноябрда Орусиянын Куралдуу күчтөрү Днепрге ракеталык сокку уруп, орто аралыкка учуучу эксперименталдык баллистикалык ракеталык комплексти колдонгон. Орус тараптын айтымында, ракеталар аскердик өнөр жай комплекстерге багытталган. Украин армиясы чабуул олуттуу кесепеттерге алып келбегенин билдирди.

Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин кайрылуу жасап, анда Орусиянын Куралдуу күчтөрү Днепрге сокку уруу үчүн "Орешник" аттуу ракеталык системаны колдонгонун айтты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх