Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияда 6–8-мартта сноуборд-кросс боюнча Дүйнө кубогу өтөт

Мелдештер Эрзурум шаарындагы Паландөкен тоо-лыжа борборунда өткөрүлөт

Түркиянын Эрзурум шаарында FIS Snowboard World Cup экинчи ирет уюштурулууда. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Мелдешке 20 өлкөдөн 300гө жакын спортчу катышат.

Үч күндүн ичинде дүйнөнүн мыкты райдерлери Паландөкендин татаал трассаларында күч сынашып, жогорку ылдамдыктагы таймашты көрсөтүшөт.

Бул мелдеш аталган жайда экинчи жолу өткөрүлүп жатат.

Биринчи оюндар 2018-жылы уюштурулган эле.

Паландөкен тажрыйбалуу лыжачылар жана сноубордчулар үчүн Түркиядагы эң мыкты багыттардын бири болуп саналат.

Ал тик ылдый түшүүлөрү, узун трассалары жана сапаттуу кар катмары менен белгилүү.

Мындан тышкары, 12–15-февраль күндөрү Паландөкенде жыл сайын өтүүчү Frozen Festival фестивалы уюштурулат.

Фестивалдын алкагында конокторду дүйнөгө белгилүү артисттердин жандуу концерттери жана DJ-сеттер, après-ski жана кечки программалар күтөт.

Ошондой эле лыжа жана сноуборд боюнча мелдештер, сыйлык тапшыруу аземи, йога сабактары, муз айкелдерин жасоо жана ар түрдүү тематикалык мастер-класстар өткөрүлөт.

Эске салсак, Эрзурум шаарына 2025-жылдын Туристтик борбор шаары макамы Экономикалык кызматташтык уюму (ECO) тарабынан ыйгарылган.

Ошондой эле шаар Европа спорт борборлору жана шаарлары федерациясы (ACES) тарабынан Кышкы спорттун Европадагы биринчи борбору деп табылган.

Бул макамдардын аркасында шаар кышкы спорттун эл аралык аренасындагы ордун кыйла бекемдеди.

Узун трассалар, заманбап инфраструктура жана туруктуу кар шарттары Паландөкенди дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө ылайыктуу жайга айлантат.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх