Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна чүчү кулактын бардык себеттеринин курамы белгилүү болду

FIFA Дүйнөлүк Кубогуна чүчү кулак 7-декабрда Цюрих шаарында болот

ФИФА 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка Европа тандоосу үчүн чүчү кулактын себеттеринин курамын сунуштады, деп маалымдайт Metaratings.ru.

Алар мындай көрүнөт:

1 себет: Бельгия, Франция, Англия, Португалия, Испания, Италия, Хорватия, Дания, Германия, Нидерланды.

2 себет: Швейцария, Уэльс, Польша, Швеция, Австрия, Украина, Сербия, Түркия, Словакия, Румыния.

3 себет: Россия, Венгрия, Ирландия, Чехия, Норвегия, Түндүк Ирландия, Исландия, Шотландия, Греция, Финляндия.

4 себет: Босния жана Герцеговина, Словения, Черногория, Түндүк Македония, Албания, Болгария, Израиль, Беларуссия, Грузия, Люксембург.

5 себет: Армения, Кипр, Фарер аралдары, Азербайжан, Эстония, Косово, Казакстан, Литва, Латвия, Андорра.

6 себет: Мальта, Молдова, Лихтенштейн, Гибралтар, Сан-Марино.

7-декабрда Швейцариянын Цюрих шаарында онлайн режиминде 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна чүчү кулак тартылат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх