Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ковид-19го байланыштуу 17 жашка чейинки футбол боюнча Европа чемпионаты жокко чыгарылды

Meta-ratings.kz маалымдагандай, 18-декабрда УЕФАнын Аткаруу комитети 2021-жылга белгиленген 17 жашка чейинки оюнчулар арасында УЕФАнын Эркектер жана Аялдар арасындагы Европа чемпионатын жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Мындай чечим коронавирус пандемиясына байланыштуу кабыл алынды. Турнирдин финалдык беттештери 2021-жылдын май айында Кипрде балдар үчүн, ал эми Фарер аралдарында кыздар үчүн өткөрүлүшү керек болчу.

Ошол эле учурда, 19 жашка чейинки оюнчулар үчүн Евро 2021 беттештери белгиленген мөөнөткө ылайык өтөт. Эркектер арасындагы мелдеш июль айында Румынияда, ал эми аялдар арасында июль / август айларында Беларуссияда өтөт.

 

2020-жылы өткөрүлө турган Европа чемпионаты буга чейин жылдырылган. Турнир 2021-жылдын жай мезгилине жылдырылып, 11-июндан 11-июлга чейин Европанын он эки шаарында өтөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх