Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна Кумтөрдөн атайын техникалар берилди

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна эки жаңы саркынды суу ташуучу унааларды тапшырды. Атайын техника саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелерин тейлейт. Машиналардын спецификациясы тандалып алынып, аймактардын мамлекеттик администрациялары менен макулдашылган.


Атайын техниканын жалпы баасы 10 миллион 300 миң сомду түзөт. Жеткирип берүүчү бул адистештирилген унааларды чыгарган жана заводдун жабдууларын сатуу укугуна ээ болгон орусиялык КамАЗ өндүрүштүк бирикмесинин продукциясынын расмий дилери болуп саналат.


Биринчи унааны тапшыруу аземи кечээ күнү Жети-Өгүз районунда өттү. Атайын техника Иштерман муниципалдык ишканасынын балансында турат. Экинчи унаа жакынкы арада Тоң районуна берилет.


«Кумтөрдүн жетекчилигине жана жеке Теңиз Бөлтүрүккө райондун муктаждыктары боюнча кайрылууга жооп бергени үчүн рахмат. Коронавирустук пандемияга байланыштуу саламаттыкты сактоо уюмдары ашыкча жүктөлгөн жана бүгүнкү күндө экологиялык жактан таза жана коопсуз таштандыларды тазалоо жана жок кылуу үчүн ушундай жабдууларга муктажбыз», - деди Жети-Өгүз районунун акими Мураталы Тагаев. Ысык-Көл облусу.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ЖМК менен байланыш бөлүмү

КГКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх