Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жыл сайын пландаштырылган оңдоодон кийин "Кумтөрдүн" алтын иштетүүчү фабрикасы кайрадан иштей баштады

 Кендеги тоо-кен иштери кадимкидей улантылганы белгиленди

Кечээ жылдык пландаштырылган оңдоп-түзөөдөн кийин, Кумтөр кенинин алтынды кайра иштетүүчү фабрикасы ишке киргизилди. 23-июлдан баштап завод оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу токтоткон. "Эгерде бардык пландалган иш-чаралар белгиленген мөөнөттөн эртерээк бүтсө, анда, балким, фабрика 29-ни ишке берилет", - деп божомолдогон фабриканын менеджери Нурдин Үсөнов. Бирок оңдоо иштери төрт күндө эле бүткөрүлүп, заводдун иши бир азга гана токтогон. Жумушчу топтордун жогорку кесиптик деңгээли ишти сапаттуу аткарууга мүмкүнчүлүк берди.

Маалым болгондой, «Кумтөр Голд Компани» ААКнын адистери ишкананын ресурстарын үнөмдөө жана керектүү жумуштарды өз убагында эң арзан баада бүтүрүү максатында өндүрүш процессин ар дайым өркүндөтүп турушат. Фабриканын ишикайрадан жандангандан кийин оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринде байкоо жүргүзгөн КГКнын убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк жумушчуларга ийгиликтүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Фабриканы жаңылоо учурунда шахтада тоо-кен иштери кадимкидей уланган.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын карманарын белгилей кетүү керек. КГКнын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх