Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Господдин Перри, сизге биздин эмне болуп жатканыбыз баары бир сыяктуу". Кумтөр кенинин жумушчулары Centerra Gold директорунун билдирүүсүнө нааразычылыгын билдиришти

Кумтөр кенинин жумушчулары "Центерра Голддун" президенти жана башкы директору Скотт Перринин буга чейин министрлер кабинетин кенди жалган маалыматтын негизинде ээлеп алды деп айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарышты.

Төмөндө алардын ачык катынын толук текстин сунуштайбыз:

Перри мырза,

Биз, сүйүктүү мекенибиздин ар кыл региондорунун жашоочуларынын башын бириктирген "Кумтөр" кенинин көп миңдеген эмгек жамааты, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда жолдогон кайрылууңузду менен таанышып жана ал кайрылуу бизде айран-таң калуу, өкүнүү жана иренжүү сыяктуу аралаш сезимдерди жаратууда. Сиздин айткандарыңыздын арасында эмнеси бизди өзгөчө таң калтырып жатат биз айталбай турабыз: сиздин эки жүздүүлүгүңүзбү, жалган сөзүңүзбү же ар кандай жол менен жоопкерчиликтен качуу аракетиңизби?

Биз, күнүмдүк нанын маңдай тери/ ак эмгеги менен тапкан иш/жумуш адамдары катары сиздин башка бирөөнүн ийгилигин өзүмдүк кылуу аракеттериңиздерди четке кагабыз, бул өзүңөрдүн мурунураак "Кыргыз Республикасынын элине кайрылууңузда" төмөнкү талашсыз далилди айтып өттүңүз: "Дээрлик жарым кылым мурун Тянь-Шань тоо кыркаларынын эң алыскы районунда, деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте советтик геологдор алтын табышкан». 

Перри мырза, сизге айткыбыз келгени бул сиз болосузбу же башка бирөө болобу, буга эч кандай тиешелериңиз жок. Түз да эмес, кыйыр да эмес. 

Бул "Кумтөр" алтын кени - мурдагы Советтер Союзунун аймагындагы эң чоң кендердин бири, биздин мол жерде көп жаратылыш байлыктарын тапкан биздин геологдордун талыкпас жана күжүрмөн эмгегинин аркасы менен ачылган. 

Ошондой эле, "Ондогон жылдар бою меймандарды сүйбөгөн жерде жайгашкан кенди иштетүү мүмкүн эмес деп эсептелчү» деп билдирдиңиз. Бул эч чындыкка жайтпайт.  Маселе кен жайды иштетүү техникалык жактан мүмкүн эмес дегенде болгон эмес.  

Баналдуу болсо да, маселе ошол кездеги мамлекеттик бийликтин башында турган адамдарда болгон жана алар Союз доору ураган соң өз алдынча жашоого биздин өлкөнү жетектеп барган. Биз аларга аябай ишенгенбиз! 

Эгемендүү Кыргызстан түзүлгөндөн кийин, биздин бардыгыбызда жаш республикабыз кайра жаралуу, өркүндөп өсүү жана тез өнүгүү жолу менен барат деген терең үмүт болгон. Анын үстүнө, “Кумтөр" алтын кени сыяктуу өлкө үчүн мындай маанилүү  активдер туура өздөштүрүлүп иштетилсе экономикалык өнүгүүгө түрткү бермек, Кыргызстандын экономикалык жана социалдык йгиликтүүлүгүнө дем берип жана бекем пайдубалы болмок. 

Бирок, тилекке каршы, андай болгон жок. Мында күнөө, биздин терең ишеним боюнча, өлкөнүн алгачкы жана кийинки жетекчилеринде, анткени алар мамлекетибиздин дурус көз караштагы саясатчыларынын жана патриотторунун каршы болгонуна карабастан өз өлкөсүн жана элине кайдыгерлик кылып, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобостон, барган сайын туңгуюкка алып келип, көз каранды келишимдерди түзүшкөн. 

Перри мырза, сиз бизди таназарга албадыңыз.  Качып кеткенден кийин биз кантип иштеп жана жашап жатканыбыз сизге  баарыбир сыяктуу. "Публикага ойноонун" жана калп эле биздин "оор" түйшүгүбүздү ойлонуунун кажети жок. 

Эгер Перри мырза, сиздин аракеттер менен ойлоруңуз таза болсо жана ишмердүүлүктү таза жүргүзсөңүз, анда баарын таштап шашып качып кетпейт болчусуз жана бул жакта Кыргызстанда калып мамлекеттик органдары астында өзүңүздүкү туура экенин далилдемексиз.  Анда сиз бизди тагдырдын сыноосуна таштап калтырмак эмессиз.

Биздин мамлекет кенди көзөмөлдөө ишин өз колуна бекем алды жана биз биргеликте бардык тоскоолдуктарды жеңип, өлкөнүн жана элдин жыргалчылыгы үчүн чоң ийгиликтерге жетише алабыз деп ишенебиз. 

Биз, Кумтөрдүн эмгек жамааты, акыркы окуяларды эске алуу менен,  Кыргыз Республикасынын Парламентинин колдоосу менен Өкмөт тарабынан аткарылып жаткан кенибизге тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө Мыйзамды толугу менен колдойбуз. Бул мыйзам акыйкаттуу, негиздүү жана Кыргызстан элинин кызыкчылыктарын коргойт. 

Сиз башкарган компаниянын экологиялык мыйзам бузуулары сот аркылуу аныкталганы маанилүү. Ал соттун аныктамасы боюнча сиз "Суу жөнүндө" Мыйзамдын 46.47-беренесин, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 67-беренесин бузуп, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө бош тектерди сактагансыз. Аларды өрөөнгө түшүрүп, табигый бетинде, жерде сактоо керек болчу.  Карьердеги таштандыларды 300 метрге төмөнүүрөөк алып баруунун ордуна, сиздин жетекчилигиңиздин башкаруусу менен, бул таштандылар, тескерисинче, 200 метрге жогорураак карьердеги мөңгүлөрдүн үстүнө жайгаштырылган.  Бул акылга сыйбаган нерсе! Натыйжада, сиз миллиард тоннадан ашык таштандыларды мөңгүлөргө төгүп, аппак каар баскан тоолордун үстүнө бийиктиги 100 метрден ашкан  кара тоолорду жараттыңыз, алар эми карьердин үстүнөн салаңдап 500 миллион кубометрден ашык суу запасы топтолгон Давыдов мөңгүсүнүн урап калуусуна жана ылдый көздөй түшүп кетүүсүнө коркунуч туудурат. Бул сиз кууланып айткандай, Перри мырза, климаттын өзгөрүүсү эмес, бул биздин мыйзамдарды жана табиятка аяр мамиле жасай турган жалпы адамзаттык принциптерди  уялбастыктан сиздин тарабыңыздан бузуп келгендин кесепети.  

Албетте, бул иштер өлкөнүн мурдагы жоопкерсиз жетекчилердин колдоосу менен болду. Кумтөр аймагындагы мөңгүлөрдө бош тектерди сактоо кылмыш иши "Кыргызстандын мурунку өкмөтү тарабынан бекитилген " деп сиз өзүңүз ырастадыңыз

Бул колдоо менен жамынып, сиз биздин мыйзамдарды бузуп, салыктарды толук өлчөмдө төлөп берген эмессиз. Сот тарабынан калдыктарды мөңгүлөрдүн үстүнө жыйуу үчүн 261 млрд сом же 3 млрд АКШ доллары айып пулу коюулуп жана  1,2 млрд АКШ долларына төлөнбөгөн салыктар боюнча доо коюлган. 

Перри мырза, сиз мыйзамдуу чечимди аткарууну жана Кыргызстанга мыйзамсыз алынган байлыкты кайтарууну качан баштайсыз?

Экология жөнүндө сөз кылганда, мөңгүлөрдөгү таштандыларды сактоо кылмыштуу практикасы жөнүндө маселени мөңгүлөрдүн эрип жаткандыгы климаттын өзгөрүшүнөн деп шылтап көйгөйгө айландырганыңыз, баардыгын адаштырып жаткандыгыңыз бизди өтө капаландырат, Перри мырза. 

Перри мырза, биздин өкмөт тууралуу жалаа жаап жатканыңыз өтө өкүнүчтүү.

Бардыгыбыз - Кумтөрдүн миңдеген кызматкерлери - Парламентибиздин ушул чындап тарыхый чечиминен жана кендеги башкарууну калыбына келтирүү боюнча кийинки натыйжалуу иш-аракеттеринен кийин, биздин мээнет эмгегибиз эми сезилип билинип жатканы үчүн сыймыктанабыз. 

Ушуга байланыштуу, Перри мырза, биз сизге карабастан жана биздин ишибиздин үзүрү менен өлкө азыр ресурстарды ала баштады деп баса белгилеп кеткибиз келет, жана азыркы учурда коронавирус күчөп турганда,  эмгек акылар, пенсиялар, жөлөк пулдар жана башкалары төлөнүп адамдардын жашоосуна жеңилдик алып келет.

Эки айга жетпеген убакытта 82 миллион долларлык алтын өндүрдүк деген кабар биздин жарандардын чоң кубанычын жана дилгирдигин пайда кылды. Биз ишибиздин ыргагын токтопостон жана өлчөмүн азайтпастан биргелешип, эриш-аркак болуп алып барганга бардык аракеттерди жасайбыз. 

"Кызматкерлердин коопсуздугу дайыма биринчи орунда" деп айтып келгенде, сиз, Перри мырза, калп айтасыз.

  Сиздин "мамлекеттик органдар Кумтөр кен ишканасынын айрым кызматкерлеринин компьютерлерин жана парольдорун тартып алганда, Центерра Голддун глобалдык IT тутумдары глобалдык IT инфраструктурасынын бүтүндүгүн сактоо үчүн бардык колдонуучуларга мүмкүнчүлүктү чектеп койду" деген түшүндүрмөңүз эч бир сынга туруштук бере албайт. 

Сиз, Перри мырза, компаниянын башчысы катары, 2021-жылдын 15-майында, тышкы башкаруу киргизилгенге чейин эле "борбордук тутумга" кирүүнү алыстан чектөө киргизип учурдагы милдеттенмелерди бузгансыз. 

Эгерде сиз биздин тагдырыбызды ойлоп, биздин жашообузду баалап, бизди ар кандай деңгээлдеги жоопкерчилиги, иш тажрыйбасы жана квалификациясы бар кызматкерлер катары бааласаңыз, анда мындай залака келтирүүчү кадамдарга эч качан барбайт элеңиз, анткени биз, сиздин өлкөдөн качып кеткениңизге карабастан, кендин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылып, эч кандай үзгүлтүккө учуратууга жана өзгөчө кооптуу кырдаалга жол берген жокпуз. 

Биздин кен Центерра Голд Инк. компаниясынын көптөгөн жылдардагы кирешесиндеги эбегейсиз чоң үлүшүн камсыз кылып келгени менен каражаттар адилеттүү бөлүштүрүлгөн жок. Сиз, Перри мырза, сиздин жана компаниянын эсептериндеги миллиарддаган долларлардын арасынан биздин "шашылыш муктаждыктарыбызга", "жумалык чыгымдарыбызга" жана “эмгек акыны төлөө” үчүн эле аз гана сумма бөлүп берип тургансыңар. 

 Эбегейсиз чон киреше алып келген "Кумтөр" кенинен бардык иштетилген жылдардын ичинде, сиз, Перри мырза жана компания 11,5 МИЛЛИАРД доллардан таза киреше алып, кара ниеттик кылып салыктарды төлөбөй, Кыргызстан табийгатына орду толгус зыян келтирип, маал-маал менен бизге кайрыласыз, жана ошол эле учурда биздин ишибизге эмне үчүн тоскоол кылып турасыз?!

Перри мырза, жумуш учурунда биздин коопсуздугубузга жана ал тургай биздин өмүрүбүзгө коркунуч келтириши мүмкүн экендигин жакшы билип, жеткирүүлөрдүн токтотуусун жарыялап тышкы жеткирүүчүлөргө эмне үчүн кат жөнөттүңүз?  Биз көп жылдар бою эмгегибиз менен жаратканды эмне үчүн талкалап уратканга аракет кылып жатасыз? 

Көп жылдар бою баш-оту менен бардык аткаминерлерди сатып алып, экологиялык жана техникалык тобокелдиктерди жаратып кеткен компаниянын кылыктарын жоюу биздин мамлекеттик органдарга оор маселе экенин ачуулук менен моюнга алууга аргасыз болуп отурабыз.  Бирок, элибизде айтылат "көч жүрө-жүрө түзөлөт". Бардыгыбыз жана жаңы башкаруучубуз сиздер жасап жаткан тоскоолдуктарды жоюууга болгон күчүбүздү жумшаганга умтулабыз. 

 

Перри мырза,

"Кумтөрдү" кен казуучу эл аралык долбоор катары ишке киргизгенден бери 25 жылдан ашуун убакыт өттү. Ар кандай жылдарда бул жерде миңдеген мекендештерибиз өз жумушун таба алышты.  Биз кен ишканасынын эмгек жамаатынын бир бөлүгү болдук. Биздин эмгек мамилелери тийиштүү келишимдердин негизинде түзүлгөн, "жетекчи-жумушчу"принциби боюнча. Биз саясаттан алыс адамдар экенибизди баса белгилеп кеткибиз келет. Ар бирибиз өз иш ордунда аракеттенип, таман акы, маңдай тер менен эмгектенип келет.  Бирок, биз ушул жылдардын ичинде кен ишканасынын ичиндеги жана айланасындагы көрүнүштүн бардыгын билбей жана көрбөй жургөнүбуздү моюнга алуу керек. Биз көп нерсени билген эмеспиз. Акыркы эки айдын ичинде "Кумтөр" жаңы жетекчиликке өткөндөн кийин бизге көп нерсе түшүнүктүү болуп ачыкка чыга баштады. Өлкө ичиндеги ар кандай адамдардын, жана ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн көп жылдык кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында "Кумтөр" алтын кен долбоору биздин эл үчүн ири туңгуюк маселеге айланганы бизди өкүндүрөт.

Перри мырза, айтылчу нерсе көп, бирок, жыйынтыктап жатып, биз, "Кумтөр" кенинин көп миңдеген эмгек жамааты, Канада Өкмөтүн жана бүткүл дүйнөнү адаштырбоого, биздин Өкмөттү каралоо менен алектенбөөгө, жана ошондой эле адилеттүү сот чечимдерин аткара баштоого акыл-эсиңиз жетет деп ишенимдебиз жана кетирилген каталарды ак-ниеттүүлүк менен моюнга алып чын дилиңиздер менен оңдойсуз деп үмүттөнөбүз! Болбосо, Перри мырза, биз, "Кумтөрдүн" жумушчулары сизден айырмаланып, "… чогуу сиздер менен биригип келечекке карай утурлай алабыз» деп пикирлеш эмесбиз.

Перри мырза, сизден суранабыз, "элдин башын айлантпай" мындан ары машакаттанып убара тартпай эле коюңуз. Элге уурдалгандарды кайтарып бергиле! Биздин акчаны кайтарып бергиле!!!

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх