Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөр кениндеги жаңы көзөө жабдуусу

Бул  өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү аткарууга жана алтын казуу планын аткарууга мүмкүнчүлүк берет

Кумтөр Голд Компани (КГК) жетекчилиги жаңы Sandvik DR410i көзөө жабдуусун сатып алуу чечимин кабыл алды.

Заманбап кубаттуу көзөө жабдуусу КГКнын Убактылуу тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүктүн кендин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга, өндүрүштү модернизациялоого жана кен чыгымдарын кыскартууга багытталган стратегиясын иш жүзүнө ашыруудагы дагы бир кадамы.

Жаңы көзөө жабдуусу өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнө жетүүгө жана алтын өндүрүүнүн планын аткарууга жардам берет. Кийинки жылдарга коюлган максаттар кошумча сатылып алынган көзөө жабдуусун эске алуу менен негизделген жана түзүлгөн. Бул техника коопсуздуктун бардык заманбап талаптарына жооп берет.

Көзөө жумуштары бул жабдуунун автоматтык өзгөчөлүктөрү аркылуу жеңилдетилген. Sandvik SICAнын комплекстүү интеллектуалдык башкаруу системасы операторго жабдуунун өндүргуч жана техникалык абалы тууралы реалдуу убакытта маалымат берет, жана скважиналардын сапатын жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн көзөө паспортторду, отчеттуулукту түзүү жана маалыматтарды талдоо боюнча куралдарын сунуштайт.

Компаниянын адистери Кумтөр кенине ири көлөмдөгү жүктөрдү ташуу тапшырмасын ийгиликтүү аткарышты. Көзөөчү жабдуунун акыркы чогултуусу сентябрь айында өндүрүүчүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.

 


_____________

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындык философиясын карманат. КГКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх