Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте “Кыргызстандагы илим жана билимдин өнүгүшү: перспективалар” аттуу эл аралык форум өттү

2021-жылдын 19-20-октябрында борбор калаадагы «Орион» мейманканасында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын демилгеси жана колдоосу менен «Кыргызстанда илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү: перспективалар» аттуу эл аралык форум өттү.

Анын негизги темасы республикадагы билим берүү жана илим системасын комплекстүү жаңылоону талкуулоо болду. Форумга Кыргызстандын, Казакстандын, Индиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Америка Кошмо Штаттарынын, Швейцариянын, Улуу Британиянын жана Германиянын билим жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

КГКнын тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүктүн айтымында, быйыл Кумтөрдө гана эмес, бүтүндөй республикада жаңы доор башталды.

«Мындан ары Кумтөр өлкөнүн улуттук байлыгы болуп саналат. Компания илимди жана билим берүүнү өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтөт. «Кумтөрдүн» жана башка ата мекендик ишканалардын мисалында илим, билим жана бизнестин өз ара аракеттенүүсү канчалык маанилүү жана эки тарапка тең пайдалуу экенин түшүнүү болот деп ишенем», - деп баса белгиледи ал.

Илим, билим жана бизнестин интеграциясы заманбап экономиканын негизи болуп саналат. Ири ишканалар илимий мекемелер менен активдүү өз ара аракеттенип, билим берүүгө инвестиция салган практика дүйнөдө көптөн бери иштеп келе жатат, бирок бул биздин өлкө үчүн биринчи жолу болуп жатат.

Форумга 20дан ашык чет элдик жана улуттук спикерлер катышты. Кыргызстандын, чет жердеги мекендештерибиздин, ошондой эле чет элдик өнөктөштөрдүн интеллектуалдык потенциалын айкалыштырууда келечектүү багыттарды аныктоо зарылчылыгы белгиленди.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев форум олуттуу долбоорлордун башталгыч пунктуна айланат деген ишенимде.

«Илимдер академиясында цианиддерди колдонбостон алтын казып алуу технологиялары жана башка изилдөөлөр боюнча сунуштар бар. Буга чейин Кумтөрдүн эшигин какканбыз, киргизбей коюшкан. Ал эми бүгүн кандай жол көрсөтүүчү
«Кумтөр Голд Компани» өзү бизге сунуштап, чакырат – бул укмуштуудай нерсе», - деди ал.

Учурда Кыргызстанда өлкөнүн бардык тоо-кен тармагын камтыган улуттук холдинг түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Холдингдин алкагында илим жана билим берүүнү өнүктүрүү боюнча коомдук фонд түзүү да пландалууда. Анын максаты илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана дүйнөдөгү илимдин, билимдин жана практиканын алдыңкы жетишкендиктеринин деңгээлинде кадрларды даярдоо аркылуу республиканын турмуштук маанилүү маселелерин натыйжалуу чечүү болот.

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынып, бардык кызыкдар тараптарга келечектеги фонддун ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү боюнча кайрылуу кабыл алынды. Документте өз ара аракеттенүүнүн жана коомдун социалдык жактан корголбогон катмарларынын балдары менен өспүрүмдөрдүн билим алуусу үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө пункт өзүнчө баса белгиленген.

«Экономикадагы ар кандай алгылыктуу өзгөрүүлөр билим берүү тармагын өнүктүрүүдөн башталары мурдатан эле белгилүү. Балдар ар бир мамлекеттин келечеги, үмүтү. Баланын инсандыгын калыптандыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аны маанилүү билимдерге жана бийик адеп-ахлактык баалуулуктар менен тааныштыруу менен биз республиканын өнүгүшүнө инвестиция кылып жатабыз”, - дейт Budbeed Learning LLC (АКШ) негиздөөчүсү жана башкы директору Маниш Вахи.

Форумдун катышуучулары КГКнын тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүккө демилгелүүлүгү, иш-чараны татыктуу өткөргөндүгү жана билим менен илимди өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх