Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кумтөр» «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын колдойт

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан Тоо экосистемаларын коргоо жана климатка туруктуулук жылынын алкагында жарыяланган «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясына активдүү катышууда. «Кумтөрдүн» кызматкерлери бир нече жуманын ичинде өлкөнүн билим берүү жана маданият мекемелеринин аймактарына 2 миңге жакын бак-дарактарды отургузат.

Биз борбордон баштоону чечтик. Экология департаментинин жана КГКнын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Мукаш Абдраев атындагы Республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернатынын жана Республикалык «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын аймагын жашылдандырууга жардам беришти. Бак-дарактарды отургузуу жерлери «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасы менен макулдашылып, КГКнын экология бөлүмүнүн кызматкерлери көчөттөрдү тандап, орун даярдоого жардам берип, окуучуларга көчөттөр жаңы жерге тамыр алганга чейин кантип сугарып, багуу керектигин түшүндүрүштү.

Ишембиликке КГКны башкарган «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк катышты.

-Бүгүн музыкалык мектепте окуган балдар көчөт отургузуп, көп жылдардан кийин балдарына, неберелерине ошол көчөттөрдү көрсөтүп, алар отургузганын айтышат. Бул менин мектебимдеги эң жакшы эстеликтердин бири болуп калат. Таланттуу жаштарды колдоо Кумтөрдүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Биздин компания дагы бул билим берүү мекемелерине жабдууларды сатып алууга жардам берет, - дейт Тенгиз Бөлтүрүк.

Тенгиз Бөлтүрүктүн айтымында, келечекте Улуттук холдинг дагы, КГК дагы билим берүү программаларын колдоону өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө гана ниеттенүүдө.

М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын директору  Исрадин Аманбаев Кумтөрдүн жетекчилигине ыраазычылык билдирди:

- Бүгүн бизде сонун иш-чара болуп жатат. Улуттук холдингдин жетекчиси жана КГК кызматкерлери бизге аймакты жабдып, жашылдандырууга жардам беришти. Мындан тышкары, Кумтөр мектеп окуучуларына керектүү үйлөмө аспаптарды белекке берет. Тенгиз Бөлтүрүккө терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин мектеп бала кезинен профессионал музыканттарды даярдап келе жаткан республикадагы уникалдуу окуу жайы.

 

Бак-дарак отургузуу акциясынын экинчи пункту Республикалык балдардын инженердик-техникалык академиясынын “Алтын түйүн” аймагы болду. Бул жерде «Кумтөрдүн» кызматкерлери 120 ийне жалбырактуу дарактарды жана миң даана тосмо көчөттөрдү отургузушту.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык мекемесинде бакчаны түзүү үчүн «Кумтөр» компаниясы жемиш бактарынын көчөттөрүн сатып алууга жардам берди. Анда КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин жана мекеменин кызматкерлеринин катышуусунда көчөт отургузуу болду.

КГК
КГКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх