Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокен районунда 25 социалдык турак жайдын курулушу аяктады

Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев батирлер аз камсыз болгон катмарга берилерин түшүндүрдү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 25 социалдык турак жай объектинин курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.



Шаарчанын ачылыш аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондун тургундары катышты.



Квартиралар аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге берилет. Шаар бардык шарттары менен курулган. 3 гектар жерге турак жайлардан тышкары 100 орундуу тигүү цехи, наабайкана, ФАП, дүкөн, мечит, футбол аянтчасы курулган.



Бул долбоор аймактардагы калктын жашоо деңгээлин жогорулатуунун алкагында ишке ашырылууда.

Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх