Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айлыктарды, эмгек өргүүсүн төлөшпөйт. Депутат Кожокулова Кыргызстанда Эмгек кодекси көп учурда сакталбай жатканына кабатыр

Элдин тандоосу бул көйгөйгө прокуратурадан көңүл бурууну суранат

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова балдар эмгегин пайдалануу көйгөйүнө прокуратуранын көңүлүн бурду.

«Прокуратура органдарына Эмгек кодексинин аткарылышын көзөмөлгө алууну сунуштайм», - деди Кожокулова көзөмөл органынын өкүлдөрүнө кайрылып. -Бир жерде айлык, эс алуу акысын бербей жатышат. Менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү экендигин тактоо зарыл. Кыргызстанда балдардын эмгегин колдонууга өзгөчө көңүл бурууну суранам, өзгөчө азыр жайкы каникул башталып жатат. Ата-энелер балдарын акча табуу каражаты катары колдонбошу үчүн.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх