Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык каратэчилер эл аралык турнирден жети алтын медаль алып келишти

Кошумчалай кетсек, улуттук курама команданын казынасы 8 күмүш жана 12 коло байге менен толукталды

Кыргызстандык каратэчилер WKF каратэ боюнча балдар, кадеттер, өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы эл аралык турнирде жети алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР Улуттук каратэ-до федерациясынын башкы катчысы Анарбек Матмусаев билдирди.

Мелдештер Алматыда 3-5-июнь аралыгында өттү. Өлкөбүздүн курама командасын 68 спортчу коргоду.

Турнирге катышкандардын жалпы саны беш өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Азербайжандан 763 спортчу.

Биздин команданын жыйынтыгы:

Алтын медалдар:

Нурланбек уулу Калыс;

Даткайым Байжигитова;

Тенгиз Турганалиев;

Нурай Бейшембаева;

Бексултан Мамаджанов;

Арсен Сапарбаев;

Дарья Ревина.

Күмүш медалдар:

Сезим Эсенкулова;

Умида Айсаева;

Деря Даян;

Нурида Шорукова;

Анель Кайыпова;

Сулейман Абдыгулов;

Асия Нуркасымова;

Садия Кудашева.

Коло медалдар:

Кымбат Тойтонова;

Назми Касымбекова;

Калысбек Касымбеков;

Дали Ярова;

Амина Ким;

Ростислав Ковылин;

Кутман Сатымкулов;

Екатерина Римбалюк;

Регина Мордвова;

Улукбек Турусбеков;

Катада Данил Хван;

Данил Хван кумите.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх