Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ал кыйкырбайт, колун булгалабайт. Адамдын чөгүп баратканынын негизги белгилери

Сууга чөгүп бараткан адам өзүн кандай алып жүрөт деген стереотип кинодон алынган. Чынында, баары таптакыр башкача көрүнөт

Дүйнөдө сууга чөгүп бараткан адам өзүн кандай алып жүрөт деген стереотип бар. Ал эми кинодо “куткаргыла – жардам бергиле” деп кыйкырганды көрсөтүшөт. Чындыгында, сууга чөгүп бараткандар кыйкырбайт-аларда дем жок, өпкөдөн кыйкыра турган аба да жок болот.

Сейрек учурларды эске албаганда, чөгүп бараткан адамдар физиологиялык жактан жардамга чакыра алышпайт. Адамдын дем алуу тутуму дем алууга ылайыкташтырылган, сүйлөө анын экинчи функциясы. Сүйлөөгө мүмкүн боло электе дем алуу функциясын калыбына келтирүү керек. Чөгүп бараткан адамдын оозу кезектешип суу астына кирип, анын үстүнөн пайда болот, дем алуу жана жардам сурап кайрылуу үчүн суунун үстүндө адам көпкө туралбайт. Чөгүп бараткан адам суудан ышкырганда, тез дем алып, дем алууга гана убакыт жетиштүү болот, андан кийин дароо кайрадан суу астында калат.

Чөгүп бараткан адамдар башка адамдарды көңүл бурдуруу үчүн колдорун шилтей алышпайт. Алар инстинктивдүү түрдө суудан көтөрүлүү максатында колдорун капталына сунуп кыймыл- аракет жасашат. Мындай кыймылдар дем алуу үчүн суудан өйдө калкып чыгууга мүмкүндүк берет.

Башынан аягына чейин, инстинкттик реакция иштеп жатканда, чөгүп бараткан адамдын денеси тик бойдон калат жана буттары эч кандай жардамсыз иштеп калат. Эгерде даярдалган куткаруучу аны суудан чыгарбаса, чөгүп бараткан адам суу алдында толугу менен кирип кеткенче 20-60 секундага чейин калкып суу үстүндө болушу мүмкүн.

 

Чөгүп бараткан адамдын негизги белгилери

1. Башты сууда, оозду суу деңгээлинде кармайт;

2. Башын артка эңкейтип, оозун ачат;

3. Көздөрү тумандап, эс нерге көңүл бурбайт;

4. Көздөр жумулган;

5. Чекесинде же көзүндөрдө чач болот;

6. Бутту колдонбойт, сууда тик турат;

7. Абдан көп жана үстүртөн дем алат же оозуна абаны кармайт;

8. Артка оодарылууга аракет кылат;

9. Аркан тепкичи боюнча суудан чыгууга аракет кылат, бирок кыймыл дээрлик ар дайым суу астында жүрөт.

Этият болуңуз!

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх