Кыргызстанда окуу жылы кайрадан 1-сентябрда башталат
Билим берүү министри тийиштүү токтомдун долбоорун министрлер кабинетине киргизе турганын билдирди
Кыргызстанда окуу жылы салттуу түрдө 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Фейсбук баракчасына билдирди.
Парламенттин жыйынында чиновник тийиштүү токтомдун долбоорун министрлер кабинетине сунуштай турганын билдирди.
Эске салсак, 2021-жылы окуу 15-сентябрда башталган.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз