Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Стивен Сигал Кыргызстанга жеке иш сапары менен келди (сүрөт)

Голливуд жылдызы өлкөбүз тууралуу жылуу сөздөрдү айтып, кыргыз тамактарынын атын эстеди

Атактуу Голливуд актёру Стивен Сигал Кыргызстанга жеке иш сапары менен келди. Атактуу адамдын келиши тууралуу маалыматты Vesti.kg сайтына КТРКнын экс-директору Илим Карыпбеков билдирди.

- Мен өзүм Стивен Сигалдын сапары тууралуу акыркылардын бири болуп билдим, - деди Карыпбеков. – Ал Кыргызстанда жашаган досторуна келди. Мен аны расмий эмес кечки тамакка чакырдым. Биз отуруп тамактандык. Сүйлөштүк. Анын буга чейин биздин өлкөгө бир нече жолу келгенин билесиздер. Ал эми мурунку сапарлардын ал өлкөбүздө болгон  жерлерин бардык майда-чүйдөсүнө чейин эстейт.  . Кыргыз элинин тамактарынын аттары, маданияты. Ал Кыргызстанга жана элибизге, маданиятыбызга чын ыкластуу, жылуу мамиледе. Стивен Сигалдын маанайы жакшы жана ден соолугу жакшы. Мен тарткан колдорунун сүрөтүн карасаңыз, анын кандай спорттук колдору бар экенин көрө аласыз. Ал дайыма машыгуу менен алектенет, жакшы физикалык абалда өзүнүн формасын сактап турат. Жалпысынан ушундай коноктордун өлкөбүзгө келгенине кубанычтамын.


Карыпбековдун айтымында, актёр өзү кыргызстандык достору менен жолугушуудан тышкары өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды пландаштырган, анын чоо-жайы кийинчерээк болот.

Михаил Готфрид
Сүрөттү тарткан Илим Карыпбеков

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх