Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын облусунда диний экстремисттер УКМКнын кызматкерлери менен сүйлөшүүдөн кийин өздөрүнүн көз караштары туура эмес экенин моюнга алышты

Жигиттерге «Йакын Инкар» РЭТинин идеологиясынан баш тартууга жергиликтүү тургундар да жардам беришти

Диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу  максатында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Нарын жана Ат-Башы райондорунда түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жергиликтүү калк арасында «Йакын Инкар» РЭТинин радикалдуу идеяларын пропагандалоо, ошондой эле «Йакын Инкар» кыймылынын жергиликтүү түзүмдөрүнө жаңы мүчөлөрдү тартуу  боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары «Т.Ж.Ж.» жана М.Т.К экендиги аныкталган.

Буга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары тарабынан жергиликтүү тургундар менен биргеликте түшүндүрүү-профилактикалык баарлашуу жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында жогоруда аталган адамдар экстремисттик уюмдардын жана кыймылдардын жаңылыш жана зыяндуу аракеттерин моюнга алып, өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен аң-сезимдүү жана ыктыярдуу түрдө баш тартышкан.

УКМК мыйзамсыз экстремисттик жана террористтик аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тынымсыз ишин улантууда.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх