Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдүн пляжында массалык мушташ. 18 адам, анын ичинде 14 жергиликтүү тургун кармалган

Кармалгандардын арасында Чолпон-Ата шаарынын эки тургуну жана Жалал-Абад облусунун бир тургуну да бар

Социалдык тармактарда «Радуга» пансионатынын көл жээгинде орун алган мушташ боюнча таркап жаткан видеонун негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат, бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы  билдирди.

29-июнь күнү саат 12:50 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Сары-Ой айылында жайгашкан «Радуга» пансионатынын пляжында мушташып жаткандыгы тууралуу телефон аркылуу билдирүү түшкөн.

Бул билдирүү райондук милициянын электрондук маалымат журналына катталып, тергөө-ыкчам тобу жана жайкы туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган милициянын мобилдүү топтору дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.

Учурда мушташка катышкан 18 жаран баары райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Алгачкы тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх