Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда кафеден 19 адам ууланды

Алар оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкы башкармалыгына шаардык ооруканадан телефон чалып, Жалал-Абад шаарындагы «Ага-ини» кафесине келген жарандардын ууланып, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган учурлары көбөйүп жаткандыгы маалымдалган. . Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, текшерүү жүргүзүлүп, анда жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган 19 жаран жогоруда аталган кафеге иш жүзүндө барганы аныкталган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар Жалал-Абад ОИИБге каттоого алынган. Текшерилүүдө.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх