Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Патрулдук милиция бөлүмүнүн жетекчиси Бишкектин МАИчилери пара алууну токтотту деп эсептейт

Акыркы далилденген иш 2020-жылы болгон. Ал 500 сомдун тегерегинде болгон

Соңку учурда Бишкек шаарынын милициясынын кайгуул-күзөт кызматынын инспекторлору арасында пара алуу фактылары катталган эмес. Бул тууралуу Патрулдук милиция бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Исаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы 1 инспектор 500 сом пара менен кармалган, бирок текшерүүдөн кийин ал жумуштан бошотулган. Бул ишти прокуратура колго алган.

«Туура, 11-июнда Патрулдук милиция бөлүмүнүн  имаратында пара талап кылган деген шек менен  кенже инспектору кармалган. Азыр тергөө жүрүп жатат. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместиги азырынча белгисиз”, - деп жыйынтыктады Исаков.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх