Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ихсан" турак жай кооперативине алданган кыргызстандыктар бийликтен жардам сурашат

ИИМ башчысынын биринчи орун басары Сузак районунун тургундарына бул иш боюнча масштабдуу иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди

Президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун эли менен жолугушууда. Жолугушууга Жалал-Абад облусунун жана Сузак районунун тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундардан 500дөн ашуун адам катышууда. Жыйында Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров да бар.

Жергиликтүү тургундар жер, таза суу, электр энергия маселесин, дыйканчылык менен алектенүүдөгү көйгөйлөрүн, интернатта тарбиялануучуларга берилген тамак-аш маселесин, кредиттин пайыздарынын жогору экенине нааразычылыктарын, бала бакча, мектептин жетишсиздигин, билим берүү тармагын реформалоону айтышып, бул маселелердин аткарылышын көзөмөлдөп беришин суранышты. Андан сырткары, милиция кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгын, ишиндеги айрым  кемчиликтерди дагы айтышып, бул багыттарда дагы бийлик өкүлдөрү көзөмөл кылуусун билдиришти. Мүмкүнчүлүгү чектелген дагы бир жаран кайрылып, “Ихсан” турак-жай кооперативине алданып калганын айтып, мыйзам чегинде бул ишти карап берүүлөрүн суранды. Ал эми, бийлик өкүлдөрү бардык суроолор дыкаат иликтенип, текшерилип мүмкүнчүлүктөргө жараша жарандардын берген суроолору  менен  өтүнүчтөрү чечиле турганын убадалашты.

ИИМдин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх