Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов эл аралык музыка фестивалында 3-орунду ээледи

Аткаруучу "Славян базары - 2022" көргөзмөсүнө катышты

Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов "Славян базары - 2022" эл аралык фестивалында үчүнчү орунду алды.

Фестивалдын жыйынтыгы бир күн мурун чыгарылды. Сынактын жеңүүчүсү деп беларус ырчысы Анна Трубецкая аталды.

Экинчи орунду орусиялык Анастасия Белявская менен болгариялык Димитрина Германова ээледи. Үчүнчү орунду армениялык Мария Ханданян менен кыргызстандык Бек Исраилов бөлүштү.

Быйыл калыстар тобун ырчы Лариса Долина жетектеди. Андан тышкары калыстар тобуна: джазмен, композитор, эл аралык сынактардын лауреаты Леонид Пташка (Израиль), Шарль Азнавур атындагы Ереван мамлекеттик маданият жана искусство колледжинин директору, ырчы Вреж Киракосян, Беларустун эмгек сиңирген артисти Руслан Алехно, ырчы , немецтик «АРАБЕСКИ» тобунун мучесу Михаэла Роуз, италиялык музыкант, бандеонист, эл аралык конкурстардын лауреаты Марио Стефано Пьетродарчи жана латыш ырчысы, эл аралык конкурстардын лауреаты Яна Клявина.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх