Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Башкармалыктын бардык түзүмдөрүндө иш кагаздары 70% мамлекеттик тилде жүргүзүлөт

Ошол эле учурда басма сөз кызматы ички иштер органдары арыз түшкөн тилде жооп берерин түшүндүрдү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия ички иштер министри Улан Ниязбековго мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат жолдоду.

Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторовго кайрылды.

- Ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча көптөн бери жемиштүү иштер жүргүзүлүп келет, - деп билдирди басма сөз кызматы. - Ички иштер министрлигинин бардык түзүмдөрүндө иш кагаздарынын 70%ы кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бөлүмдө өзүнчө штаттык бирдик – мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жооптуу адис иштейт. Азыр бул багыттагы иштерди активдештирүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары Тилек Оторов Ички иштер министрлиги арыз кайсы тилде келсе, ошол тилде жооп берерин түшүндүрдү.

«Эгерде мамлекеттик тилди билбеген башка өлкөнүн жарандары Ички иштер министрлигине кайрылса, анда расмий тилде түшүндүрүп беребиз», - деп улантты ал. - Бөлүм арыз кайсы тилде келип түшкөн болсо, ошол тилде жооп берет.

Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх