Бангкокто кыргызстандык дзюдочулар алтын жана күмүш байгеге ээ болушту
Жалпысынан мелдешке 15 өлкөдөн 163 спортчу катышты
Бангкокто өткөн мелдеште кыргызстандык дзюдочулар алтын жана күмүш байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтында маалымдалды.
- 73 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Чыңгызжан Сагыналиев алтын медалды жеңип алды, - деп белгилешти федерациядан. - Кыргызстандын командасына дзюдочу Ажар Исаева күмүш алып келди. Бешинчи орунду дагы эки кыргызстандык ээледи. Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн 163 спортчу катышты.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз