Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна нормадан ашыкча ысык болорун эскертет

Муниципалитет жогорку температура менен күрөшүү боюнча сунуштарды берди

Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна нормадан ашыкча ысык болуп жатканын эскертип, аны жылдыруу боюнча сунуштарды берди.

Анормалдуу жылуулук менен эмне кылуу керек?

«Урматтуу жарандар! Ысык аба ырайында кээ бир эрежелерди сактаңыз:

-Мүмкүн болсо, күндүн эң ысык маалында күн нурунан алыс болуп, көлөкөдө болууга аракет кылыңыздар.
- Ысыктан сактануу үчүн баш кийим жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиздер. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келиши мүмкүн.
-Суюктукту көбүрөөк ичиңиздер: газсыз минералдык суу, лимон кошулган суу, муздак көк же кызыл чай. Газдалган жана алкоголдук ичимдиктерден алыс болуңуздар.
- Суунун ашыкча муздак болбошуна көңүл буруңуздар, анткени ысыкта иммунитет төмөндөгөндүктөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт.
- Сууга түшүү денени муздатуунун жакшы жолу. Сууга түшүү эрежелерин сактоо жана спирт ичимдиктерин ичпеш керек.
- Сунуш кылынбаган,  тыюу салынган сууларда сүзүүгө болбойт.

Көбүнчө ысыкта тобокелге кабылган улгайган адамдар чоң коркунучка кабылышат. Алардын арасында кант диабети, артериялык гипертензия, кандагы холестериндин деңгээли жогору жана жүрөк-кан тамыр ооруларына тукум куума ыкташы бар, ашыкча салмак менен ооруган бейтаптар кирет.

Оорунун курчушуна жол бербөө үчүн төмөнкү эрежелерди аткаруу зарыл:
- текшерүүдөн өтүүгө, дарыгертарабынан белгилеген дары-дармектерди өз убагында алууга;
– кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөө;
- эгерде сиз ооруп жатсаңыз, ысык аба ырайында оор физикалык жумуштан алыс болуңуз;
- ден соолуктун начарланышынын белгилери байкалса, көлөкөгө барып, физикалык көнүгүүлөрдү токтотуп, медициналык мекемеге кайрылуу керек;
- демейде ичип жүргөн дарылардан ысыкта баш тартпаңыздар, аларды дайыма жаныңыздарда алып жүрүңүздөр.

Сууда сүзгөндө жана сыртта жүргөндө күндөн коргоочу кремдерди колдонуңуздар.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх