Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн конуш курулат

Курулуш кийинки жылдын жазында башталат

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чоң-Алай районунда жашаган памирлик кыргыздар менен жолугушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди

Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Базарбаев памирлик кыргыздардын жети үй-бүлөсү (22 адам) жашаган 44 кесиптик лицейде болуп, алардын жашоо шарттары менен таанышты.

Башкармалыктын башчысы ошондой эле памирлик кыргыздар үчүн конуш курула турган жер тилкесин көрүп чыкты.

«Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча келерки жылдын жазында баштала турган айылдын курулушуна бюджеттен дээрлик 300 миллион сом бөлүнгөн. Конуш үчүн 70 гектар жер бөлүнгөн», - деди ал.

Кудайберген Базарбаев жакынкы эки-үч жылдын ичинде Чоң-Алай районуна 400 үй-бүлөнү же 1500дөй памирлик кыргыздарды көчүрүүнү пландоодо.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх