Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Акаевге Тбилисидеги Кавказ университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылды

Кыргызстандын качкын президенти университеттин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшырды

Тбилисидеги Кавказ университети Кыргызстандын экс-президенти А.Акаевге ардактуу докторлук наамын ыйгарды. Бул тууралуу аталган университет Facebook социалдык тармагына жарыялангандан кийин белгилүү болду.

Качкын президент аспиранттар менен докторанттарга лекция окуп, студенттерге диплом тапшырган салтанаттуу иш-чарага да катышканы айтылат.

«Аскар Акаев – кайталангыс инсан, кыргыз элинин өзгөрүү доорундагы лидери, жаңы, эгемендүү Кыргыз Республикасынын негиздөөчүсү, ошол эле учурда биз сыймыктанууга акыбыз бар дүйнөгө белгилүү окумуштуу, биздин ардактуу докторубуз катары», — деп айтылат университеттин билдирүүсүндө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх