Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда жашаган кыргызстандык 100 мекендештердин балдары Ысык-Көлгө келишти

Окууда, чыгармачылыкта, спортто өзгөчөлөнгөн балдар эс алышты

Орусияда жашаган кыргызстандык мекендештердин 100 баласы “Алтын балалык” эс алуу жана реабилитациялык борборуна келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 1-августта Орусиянын Свердловск, Челябинск, Тюмень облустарында, Пермь крайында, Ямало-Ненец жана Ханты-Мансы автономиялуу округдарында жашаган кыргызстандык мекендештердин 100 баласы Ысык-Көл облусундагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна келишти.

Бул Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте ишке ашырып жаткан чет өлкөдөн келген мекендештердин балдарынын тарыхый мекени менен байланышын сактоого жана алардын Ысык-Көлдө эс алуусун уюштурууга багытталган биринчи долбоор. Жогорку Кеңештин жана Министрлер Кабинетинин колдоосу.

ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт ТИМ

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх