Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мал союуга тыюу салуу: Имамдар калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жардам берүүнү суранышты

Октябрь акимчилигинде МТУнун жетекчилери жана муфтият өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Бишкек шаарынын Октябрь акимчилигинин аппарат жетекчиси Максат Узюров МТУнун жетекчилери, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү жана райондо жайгашкан мечиттердин имамдары менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк майрамдарды жана сөөк коюу жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгынын аткарылышы талкууланды. Ошондой эле, муфтият өкүлдөрү салтанаттуу иш-чараларда мал союуга азыркы тыюу салуу тууралуу айтып беришти.

Жыйындын жыйынтыгы менен МТУнун жетекчилерине райондук мечиттердин имамдары менен биргеликте жеринде калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Мындан сырткары, райондун мечиттеринин имамдары жума намазда калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Октябрь районунун аймагында 8 мечит, 20 намазкана, 3 чиркөө, намазкана бар.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх