Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

9-11-августта Чолпон-Атада реконструкциялоо жана пластикалык хирургия боюнча “Муундардын байланышы” эл аралык конгресси өтөт.

Конгресске алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн 140ка жакын катышуучу катышат

 9-11-августта Ысык-Көлдүн жээгинде Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда, профессор Муса Матеевге арналган, пластикалык хирургдардын кеңири чөйрөсү, анын ичинде профессорду жеке билген жана аны менен тыгыз иштешкен дүйнөгө белгилүү адистердин катышуусунда, “Муундардын байланышы” аттуу реконструкциялык жана пластикалык хирургия боюнча эл аралык конгресс өтөт.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Конгресске жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн: Япония, Түштүк Корея, Австралия, Испания, Италия, Румыния, Индонезия, Россия, Армения, Казакстан жана Өзбекстандан 140ка жакын катышуучулар катышат.

Иш-чарада белгилүү хирургдардын презентациялары көрсөтүлөт: Токио университетинин профессору Исао Кошима (Япония), профессор Жауме Масия DeLa Santa Creu Sant Pau пластикалык хирургия бөлүмүнүн  жана  DelMar ооруканасынын башчысы (Испания), Александру Жоржес Иулиу Хасиехану атындагы медицина жана фармацевтика университетинин пластикалык жана реконструктивдүү хирургия бөлүмүнүн профессору (Румыния).

Профессор Муса Матеев дүйнөдөгү бир нече уникалдуу, теңдешсиз иштеп чыгуулардын автору болгон, анын ичинде азыр пластикалык хирургияда кеңири колдонулуп жаткан flap in flap ыкмасы. Анын белгилүү дүйнөөлүк медициналык журналдарда көптөгөн басылмалары бар, микрохирургдардын эл аралык ассоциацияларынын ардактуу мүчөсү болгон, Европа, Чыгыш Азия жана АКШга лектор катары дайыма чакырылып турган.

Иш-чаранын уюштуруучулары – Кыргызстандын Пластикалык хирургия ассоциациясынын коому, Green Clinic пластикалык хирургиясы ,  Россиянын пластикалык, реконструктивдүү жана эстетикалык хирургдар коомунун (РПРЭХК) колдоосу астындагы  профессор Муса Матеевдин клиникасы, Max Clinic пластикалык хирургия клиникасы, Nova Сlinic медициналык борбору, силикон импланттарын жана экспандерлерин чыгаруучу Polytech компаниясы, «Sami Medical» ЖЧКсы, «Медитек» ЖЧКсы, «Karven Issykkul» мейманканасы, ошондой эле профессор Матеевдин көптөгөн кесиптештери – шакирттери.

Эл аралык конгресс, Муса Матеевдин пикирлеш кесиптештерин, көптөгөн дарыгерлерди, илимпоздорду чогултуп,  реконструкциялоо жана пластикалык хирургиядагы жаңы ыкмалар жана ыкмалар жөнүндө өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Катышуучуларды кызыктуу илимий программа, эксперттик баяндамалар, алдыңкы эксперттердин баяндамалары жана лекциялары күтөт.

Жыйынтыгында РПРЭХК менен кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх