Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбик Бишкекке келишти

Хабиб Нурмагомедов аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship турниринин ардактуу коногу болот (EFC 49)

Бүгүн, 8-августта UFC уюмунун жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу EFC 49 турниринин уюштуруучулары билдирди.

Хабиб Нурмагомедовду “Манас” эл аралык аэропортунан (Бишкек) EFC 49 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Нурмагомедов Кыргызстанга "Игл" футбол клубунун президенти Шамиль Завуров, ошондой эле Хасбик деген каймана ат менен белгилүү орусиялык белгилүү блогер Хасбулла Магомедов жана анын командасынын башка мүчөлөрү менен бирге келген

Бишкекте Хабиб Нурмагомедов 10-августта Бишкек Аренада (Сити муз аянтчасы) өтө турган аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC 49) турниринин ардактуу коногу болот. Турнир 18.00 башталат.

Иш-чаранын картасына 14 беттеш кирет, алардын негизгиси кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен орусиялык спортчу Расул Магомедовдун беттеши болмокчу.

Турнирдин уюштуруучуларынын сүрөттөрү EFC 49

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх