Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда "Диндердин өнүгүү тарыхы"боюнча мугалимдерди даярдоо башталды

Мектептерде жаңы предметти окутуу үчүн 2601 мугалимди даярдоо пландалууда

Кыргызстанда Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мугалимдерди даярдоо башталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

«Окутуудан кийин бир-эки жуманын ичинде 73 тренер облустардагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын 2601 мугалимине «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин кантип окутуу керектигин үйрөтүшөт», - деп айтылат министрликтин маалыматында. – Мындан тышкары, мугалимдерди окутуу үчүн жеке менчик мектептерден дагы ушундай арыздар каралып жатат. Окутуу офлайн жана онлайн режиминде өтөт.

Тактап айтканда, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык 2022-2023-жылдары окуу планына жаңы предмет киргизилет. Алгач 9-класста “Диндердин өнүгүү тарыхы” окутулат. Кийинчерээк бул дисциплина 7-8-класстардын окуу пландарына акырындык менен киргизилет.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх