Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбордун троллейбустары күн сайын тазалык боюнча текшерилип турат

Коомдук транспорт санитардык көзөмөлдү текшербей туруп линияга чыгарылбайт

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын троллейбустары такай жууп, тазаланып турат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


 
Күн сайын саат 05.30да нөөмөткө чыгаар алдында ишкананын тиешелүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бардык троллейбустар тазалыкка текшерилет. Коомдук транспорт санитардык көзөмөлдү текшербей туруп линияга чыгарылбайт.


 
Жалпысынан троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. Жүргүнчүлөр күн сайын 130-135 троллейбус менен ташылат.
 
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх