Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандык гимнастка азербайжандык команданын дарыгерлери жардам беришти

"Мен аткарам, команданын беделин түшүрө албайм!"

Кыргызстандык гимнастка Ислам тилектештик оюндарында оюн көрсөткөн учурда ага Азербайжан курама командасынын дарыгерлери жардам беришти. Бул тууралуу КР көркөм гимнастика федерациясынын жетекчиси Назира Айдарова билдирди.

"Топтук көнүгүүлөрдүн командасы беш гимнасттан турат, алтынчысы - алмаштыруучу", - деп жазган ал өз баракчасына. - Мелдешке бир күн калганда бирөөсү жаракат алып, тез жардам чакырып, ооруканага алып барышты, рентгенге, МРТ тарттырышты. Кудайга шүгүр, коркунучтуу эч нерсе табылган жок, бирок ооруну көтөрө албай койду. Бала эңкейип да, кадимкидей баса да алган жок, бир нерсе чымчып калды. Оюн болгон күнү, алмаштыруу алдында,  алмаштыруучу гимнасттын лицензиясы жок экени белгилүү болду. Жаракат алган кыз акырына чейин: "Мен аткарам, команданынын беделин түшүрө албайм!"Аны оюнга 15 мүнөт калганда  Азербайжан курама командасынын дарыгерлери жардам беришип, бутуна тургузган. Болбосо, балким, биздин команда мелдештен баш тартууга аргасыз болмок. Оюн учурунда дарыгерлер аны көзөмөдөп карап турушту. Бул дарыгерлердин алтын колдору үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем".

Тактап айтканда, Ислам тилектештик оюндарына Кыргызстандан гимнасттардын командасы катышты. Жеке көнүгүүлөрдү Айша Изабекова, Севара Хаитова жана Элиза Максытова аткарышты. Изабекова оюндардын финалына чыгууга жетишип, анда 8-орунду ээледи. Кыздардын  командалык тобунда 5-орунга ээ болушту.


Кошумчалай кетсек, Ислам оюндарынын алкагында тарыхта биринчи жолу кыргызстандык кыз-келиндер топтук көнүгүүлөрдү жасашты. Команданын мүчөлөрү: Адинай Асанканова, Акмарал Азимова, Аяна Абакирова, Зулайка Карымшакова, Каныкей Курманова жана Полина Казакова.

Сүрөт Көркөм гимнастика федерациясы 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх