Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ: РФнын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан жабыркаган үч КРнын жаранынын абалы оор

Каза болгондордун сөөктөрү үчүн атайын рейс жакын арада Ульяновскийге учуп кетет

Орусиянын Ульяновск облусунда болгон кырсыктан жабыркаган Кыргызстандын үч жаранынын абалы оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

«Окуя болгон жерде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин консулдук кызматкерлери жүрүшөт», — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги. - Жабыркаган Кыргыз Республикасынын үч жараны барган. Алардын абалы  туруктуу оор деп бааланып, керектүү дары-дармектер менен толук камсыз болгон. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Тышкы иштер, Транспорт жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери тарабынан каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын учак уюштуруу иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизалар, өздүгүн аныктоо процедурасы жана маркумдардын сөөктөрүн алып чыгуу үчүн РФнын тергөө органдарынан уруксат алып, орус тарап менен макулдашуу боюнча атайын рейс жакын арада Ульяновск шаарына учат.

Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон кырсыктан 16 адам каза болгонун, анын ичинен 14ү Кыргыз Республикасынын жараны болгонун түшүндүрүп кетели. Жабырлануучулардын үчөө ооруканага жеткирилген. Каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандарына маалымат берүү үчүн ишеним телефондору иштейт: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: +7 (977) 947-55-80, +996 (551) 312-000 (whatsup ), Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги: +7 (926) 861-50-98.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх