Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Орусиядагы жол кырсыгынан кыргызстандыктардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

"Кырсыкка байланыштуу курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм"

Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго Россия Федерациясындагы жол кырсыгынан Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кырсыкка байланыштуу Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, жалпы Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат Али Асадовдун көңүл айтуу телеграммасында.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх