Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кримтөбөл Дөө Чыңгыздын өлүмүнө беш адамдын тиешеси бар

Свердлов райондук сотунун чечими менен бардык шектүүлөр СИЗО-1ге жөнөтүлдү

Беш адам Дөө Чынгыз деген каймана ат менен белгилүү болгон кримавторитет Чыңгыз Жумагуловду өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, беш адам КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен бардык шектүүлөр СИЗО-1ге жөнөтүлдү.

Эске салсак, 30-июлда Чыңгыз Жумагулов No21 мекемеде өлтүрүлгөн. Андан кийин СИН окуя боюнча маалымат жарыялап, анда Дөө Чыңгыз жеке чырдан улам камералашы тарабынан өлтүрүлгөн.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх