Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чет элдик студиялар Кыргызстанда тасма тартат (фото)

Табиятыбыздын ар түрдүүлүгү жана кооздугу чет элдик кинорежиссерлордун күткөнүнөн да ашып түштү

Буга чейин Индиянын жана Араб өлкөлөрүнүн кинематографисттери Кыргызстанда тасма тартууга ылайыктуу жерлерди издеп келишкен. Эми бул милдетти алардын орус кесиптештери да колго алышты. Мындай мүмкүнчүлүк аларга Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана Кинематографисттер союзу тарабынан берилди.



Ысык-Көлдүн жээги төрт күн бою россиялык жана кыргызстандык режиссерлордун, продюсерлердин жана сценаристтердин негизги жолугушуусуна айланды. «Ысык-Көл — Тынчтыктын көлү» кинокластерине Россия Федерациясынын Кинематографисттер союзунун жана «МОСКИНОнун» өкүлдөрү келишти. Алар кыргызстандык кесиптештеринин жаңы фильмдеринин жана сериалдарынын идеялары менен таанышып, мүмкүн болгон тасма жерлерин карап чыгышты, жада калса тесттик тартууларды да өткөрүштү. Кыргызстандын ар түрдүүлүгү жана кооз жаратылышы алар күткөндөн да ашып түштү.



Орустардын иш сапарынын алкагында Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союздары кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.



Долбоордун идеясы ушул жылдын май айында Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумдун жүрүшүндө пайда болгон. Эми ал жыл сайын өтүүчү иш-чарага айланат. Кийинки “Ысык-Көл – Тынчтык көлү” кинокластери 2023-жылдын июль айына пландаштырылган. Бул арада бардык катышуучулар онлайн платформада – kinoozeromira.com жаңы сайтында баарлаша алышат.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх